7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башына бычак сайып… 9-класстын окуучусу 3 балага кол салган

883

Казакстандагы Петропавл шаарындагы N4 мектепте 9-класстын окуучуларынын бири жогорку класстын окуучуларына сабак башталаар алдында кол салган. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал окуучу беткап кийип алып, мектепке балта жана бычак алып келип, үч окуучуну жарадар кылган. Эки бала башынан жана билегинен бычак менен жаракат алган. Алган жаракатынан улам алар ооруканага жеткирилген. Ал эми, үчүнчү балага жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жабыркаган балдар 9-10-класстарда окушкан.

Казакстан облусунун прокуратурасы жана облустук ички иштер башкармалыгы окуя болгондугун тастыктап, жабыркагандардын баары аймактык балдар ооруканасына жеткирилгенин жана алар эс-учун жоготуп жатканын такташкан.

«Жашы жете элек өспүрүм милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 24-беренесинин 3-бөлүгү – 99-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 14-пункттары «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» менен сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлдү. Алдынала маалыматтар боюнча, жашы жете элек өспүрүм психиатриялык каттоодо турат. Ал эми соттук териштирүүнүн алкагында мектеп жетекчилигине юридикалык баа берилет. Учурда калган жагдайлар такталууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

884