7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев: Баткен аркылуу кумшекер, ун, өсүмдүк майынын бир килограммы да өтпөсүн

782

Бүгүн, 24-мартта Министрлер кабинети антикризистик чаралар боюнча жыйын өткөрдү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен аркылуу кумшекер, ун, өсүмдүк майынын бир килограммы да өтпөшү керектигин айтты.

«Бажы кызматынын башчысы, ички иштер министри, УКМК жана Салык кызматынын жетекчиси, биргеликте Баткендин чек арасын карап чыккыла. Азыр ал жакка бардык азык-түлүктү насостой эле соруп кирип жатышат. Чек арадан азык-түлүктү өткөрбөө үчүн жандуу калкан болгула. Кумшекер, ун, өсүмдүк майынын бир килограммы да өтпөсүн. Бул бүгүн башкы тапшырма. Азыр коңшу өлкөлөрдө ун менен кумшекердин баасы Кыргызстанга караганда бир жарым эсеге жогору болуп жатат, өсүмдүк майы болсо аларда жок калды. Алар бизден азык-түлүктү алып чыкканы жатат», — деди Ташиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

783