7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: Чек арадагы курулуп жаткан үйлөрдүн бир бөлүгү жаңы жылга чейин пайдаланууга берилет

592

Баткендеги чек ара айылдарында курулуп жаткан үйлөрдүн бир бөлүгү жаңы жылга чейин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, облус башчысы Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Аксай айыл аймагына барды. Иш сапардын алкагында облус башчысы аталган айыл аймактагы калыбына келтирүү ишинин жүрүшүнөн кабар алып, курулушу жүрүп жаткан үйлөрдү көрүп чыккан.

«Учурда жеринде калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатат. Көпчүлүк үйлөрдүн дубалдары тургузулуп, чатырлары жабылса, айрымдарынын ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. Жаңы жылга чейин үйлөрдүн бир бөлүгү колдонууга берилип баштайт»,- деп берилет маалыматта.

Иш сапардын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл чек ара окуясында жабыркаган Ак-Сай айылындагы тоок фермасынан да кабар алды. Облус башчысы жеке ишкерге тоок фермасын калыбына келтирүүдө жана ишкердикти өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан колдоолор болуп жаткандыгын айтты.

Белгилей кетсек, Ак-Сай айылындагы жабыркаган тоок ферманын ээсинин «Айыл Банк» ААК тарабынан алынган 9 миллион 600 миң сом насыясы толугу менен жоюлду. Бул маселе министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун көзөмөлүнө алынып, кайрадан калыбына келтирүүгө да мамлекет тарабынан кошумча акча каражаты бөлүнүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

593