7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында каракчылык кылып жүргөн жарандар кармалды

613

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында каракчылык кылып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 12-февраль күнү саат 22.30дар чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы Сухой сай участкасында Кызыл-Кыя шаарынын 72жаштагы тургунунун үйүнө бейтааныш болгон жашы болжол менен 25-30 жаштагы эки азиат улутундагы балдар барып, балта менен күч колдонуп коркутуп, аны себепсиз уруп чөнтөгүндөгү 3500сом акчасын ачык түрдө тартып алып изин жашырып качып кетишкен.


Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБне Кыргыз Республикасынын КЖБРне Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Кызыл-Кыя ШИИБнин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда эки жолу сот жообуна тартылган Араван районунун Төө-Моюн айылынын 23жаштагы С.Г. жана Кызыл-Кыя шаарынын 30жаштагы тургуну мурда оор беренелер менен соттолгон И.А.аттуу тургуну аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

614