7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен районундагы 12 дарыканада контрабандалык дарылар аныкталды

529

УКМК тарабынан коңшу өлкөдө өндүрүлгөн 17 миң 393 таңгактагы “Алоэ экстракты суюктугу” медициналык препараттарын мыйзамсыз алып өтүү фактысы боюнча кылмыш иши иликтенди.

Соода-өнөр жай палатасынын 2023-жылдын 14-апрелиндеги №37-39 корутундусуна ылайык, медициналык буюмдардын жалпы баасы 2 608 950 сомду түздү.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында КРнын үч жараны Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пункту боюнча кылмыш жасаган деп айып тагылып, кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлгөн.

Баткен облустук сотунун чечими менен алар Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 миң сомдон айып салынып, контрабандалык жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылган унаа конфискацияланды.

Мындан тышкары, Баткен районундагы 12 дарыканада Кыргызстандын аймагында катталбаган “Алоэ экстракты суюктугу” аттуу контрабандалык медициналык дары-дармекти сатуу фактылары аныкталып, ага байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн жана учурда бул багытта тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

530