7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 2,5 миллион сомду түзгөн дары-дармек жана мейиздин контрабандасына бөгөт коюлду

628

“Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан жалпы суммасы 2,5 миллион сом дары-дармек каражаттарынын жана мейиздин контрабандасына бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Чоң-Талаа айылынын жанында КР жараны “А. у. М.” Башкаруусунда “Mercedes-Benz Sprinter408” үлгүсүндө автоунаа токтотулган.

Транспортту кароодо жүк бөлүгүндө жалпы салмагы 265 кг мейиз, ошондой эле унаада төмөнкү аталыштагы дары-дармек каражаттары болгон.

  •  Линкомицина гидрохлорид 300мг/1мл — жалпы салмагы 75 кг, 20 миң ампула санда ийне саюу үчүн эритмелер;
  • суюк алоэ экстракты 1 мл. – салмагы 112 кг, 28 миң ампула;
  • Кокарбоксилаза 50мг. – салмагы 140 кг 5500 ампула;
  • Глюкоза 40% 10мл. — салмагы 140 кг 6500 ампула
  • Лидаза 1280 МЕ- салмагы 36 кг 8 миң ампула;
  • Милдронат мельдоний 100мг/мл – салмагы 7,49кг 2980 ампула
  • Ксефокам/Лорноксикам 8мг/2мл – салмагы 115 кг 20 миң ампула;
  • Гентамицин 80 мг/2мл, — салмагы 115 кг 20 миң ампула.

Жүктүн жалпы салмагы 804,5 кг. “Эксперт Оценка” ЖЧКсы Көз карандысыз экспертиза жана балоо борборунун корутундусуна ылайык, кармалган товарлардын орточо базар наркы 2 447 936 сомду түзөт.

Жүк ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен чектеш мамлекеттен ташылып келинген. Аталган факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар Баткен облусунун ведомстволугуна караштуулугу боюнча берилген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

629