7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 4 окуучуну тажик балдар сабап кетти

1091

Бүгүн, 23-сентябрда саат 13:10 чамасында Баткен районунда 4 окуучуну тажикстандык окуучулар сабап салды. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, райондун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ганы атындагы орто мектебинин 8-классынын 4 окуучусу сабактан чыгып үйлөрүнө кайтып келе жаткан учурда аларды Тажикстандын Исфара районунун Майский айылынын 30 чакты окуучусу сабап салган. 4 окуучуну тез жардам унаасы Баткен шаарына алып кетти.

Тажикстандын Сомониен аймагында тажик жарандары кыргызстандыктардын үйлөрүнө таштарды ыргытышкан.

Сабалган балдар:

  • — 2007-жылы туулган М.Ж.
  • — 2007-жылы туулган О.М.
  • — 2007-жылы туулган Н.М.
  • — 2007-жылы туулган Ш.Б.

Балдар мектептен чыгып М.Назаров көчөсү аркылуу үйлөрүнө бара жаткан учурда Тажикстандын Майский айылындагы мектептин 30дай окуучусу урган. Жогорудагы окуя боюнча Көк-Таш айылында Баткен РИИБдин башчысы А.Шагамурзаев менен Тажикстандын Исфара-2 РИИБнин жетекчиси Анвар Рахманзода менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев Turmush басылмасына берген комментарийинде толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди. Анын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарында бул окуяга кыргызстандык окуучулар күнөөлүү экени тууралуу маалымат пайда болгон. Ал такталбаган жана туура эмес маалымат таратпоого чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1092