7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 89 жаштагы карыя өзүнөн 31 жаш кичүү айымга баш кошту

5223

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 89 жаштагы Марсель менен 58 жаштагы Рузивонайга баш кошту.

Турмуш басылмасы жазып чыккандай, карыя татар улутунан болсо, жубайы өзбек улутунан. Алар шаардагы карылар үйүндө жашайт.

«Рузивонай Охунованын биздин мекемеде жашаганына 4 жылдан ашты, ал эми Марсель Басымовго 2 жылдай болуп калды. Экөө макул болгондон соң молдону чакырып, никесин кыйдык. Жубайлардын майрамдык кечесин уюштуруп, бөлмө ажыратып бердик. Аксакал пенсияны жакшы алгандыктан, жубайына 30 миң сомго алтын шакек  менен алтын сөйкө белек кылды. Баш кошкондоруна 2 айдай болуп калды, бактылуу жашап жатышат»- деген Сүлүктү шаарындагы улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык мекемесинин башчысы Муртазакул Жумабаев.

Жубайлардын үйлөнүү тою ушул жылдын 14-февралында өткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5224