7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде айгүл гүлү гүлдөдү

2

Баткен жергесинин керемети жана символу болгон айгүл гүлү гүлүн ачты.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда гүл тегиз гүлүн ачып турган мезгил. Узун жалбырактуу, кызгылт сары түстөгү коңгуроо сымал желекчелери бар гүлдүн бийиктиги бир метрге жетет.

Гүлдүн өзгөчөлүгү — жалаң тоонун тескей тарабында өскөндүгү. Айгүл гүлү дүйнөдө сейрек кездешкендиктен, кызыл китепке кирген.

Айгүл пияз түп байлагандан жети жыл өткөн соң, биринчи гүлүн көрсөтөт. Жыл өткөн сайын ага бирден желекче кошулуп турат. Көрөр замат эле жашын билсе болот. Элдин айтымында, 34 гүлү бажырайып ачылган учурлар болгон.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун Баткен районунунун аймагында жайгашкан “Айгүл-Таш” өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын коргоо жана дүйнөдө сейрек кездешүүчү айгүл гүлүн сактап калуу, мындан ары көбөйтүү максатында 2026-жылдын 1-мартынан тартып 2030-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөткө калкты кабыл алууга убактылуу тыюу салынган. Бул боюнча Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын токтому чыккан.

Кабыл алынган чектөө мезгилинде, “Айгүл-Таш” өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын күчөтүлгөн тартипте коргоого алуу менен жаңыдан себилген айгүл гүлүн өсүүсүнө кам көрүү жагы Баткен райондук токой чарбасынын жетекчилигине тапшырылган.

3