7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде генерал болууну кыялданган окуучуга “Айфон 17 про” белекке берилди

168

Бүгүн 30-декабрда ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев, Баткен ОИИБдин башчысы Улан Жукенов министрге кат жазган Нуртилек Жамалдинов менен жолугуп, ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан берилген “Айфон 17 про” үлгүсүндөгү уюлдук телефонду тапшырды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Азенбек Козукеев 12 жаштагы Нуртилекти жакшы окууга, телефонду мектепте эмес үйдө колдонууга чакырып, максаттуу пайдаланууну белгиледи.

Буга чейин ИИМдин генерал-лейтенанты Улан Ниязбековго Баткен шаарынын тургуну 2013-жылы туулган Нуртилек Жамалдинов кат жазган. Ал келечекте генерал болууну кыялданаарын жана жаңы жылдык белек берүүсүн суранып, катына телефондун сүрөтүн тарткан.

6-класста окуган Нуртилек 5 бир туугандын экинчиси. Кат жазуу идеясын 8-класста окуган эжеси колдоп, жазылган катты почта аркылуу ИИМге салып жиберген.

 

169