7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде ипотекалык үйлөр курулат

630

Баткенде үч тараптуу кол коюлган келишимдин алкагында ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Документке мамлекеттик ипотекалык компаниясынын, Баткен облустук курулуш жана инженердин инфраструктура башкармалыгынын жана Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын өкүлдөрү кол коюшту. Келишимдин алкагында ипотекалык 20 турак үй Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Дөбө участкасына курулат. Алар турак жери 12 сотыхтан болгон жер тамдар болот»- деп берилет билдирүүдө.

Ушундай эле 29 үй Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына да курулары пландалууда. Мамлекеттик ипотека 25 жылга 4% менен берилет. Бул үйлөрдү турак жайы жок, муктаж жарандар ала алат. Учурда документтештирүү иштери жүрүүдө.

Курулуш иштери ушул жылдын күз айларында башталат, 2024-жылга үйлөрдү пайдаланууга берүү пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

631