7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде кыргыз-тажик чек арачылары ок атыша кетишти

576

Кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

10-март күнү саат 10:50дө Баткен облусунун Баткен районунун Тескей аймагындагы такталбаган чек ара тилкесинде Тажикстандын чек арачылары мурда колдонулуп келген өтүү багытын өзгөртүп, чек арадан жаңы чегине чыгышкан жана Кыргызстандын чек арачыларын бул тилкеден чыгып кетүүнү талап кылышкан. Тажик чек арачылары турган жерге кошумча күчтөр тартылган. Көптүгүнөн пайдаланып, алар жаңы чекке кирүүгө аракет кылышкан. Бирок кыргыз чек арачылары тажик аскерлеринин ниетин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Натыйжада атышуу башталып, 10 мүнөттөй созулган. Кыргыз тараптан жаракат алгандар болгон эмес.

Эки тараптын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, кырдаалды ырбатпай, жөнгө салуу боюнча макулдашты. УКМКдан билдиргендей, Тескей аймагы мамлекеттик чек аранын такталбаган бөлүгү. Бирок факты жүзүндө кыргыз жарандары пайдаланып жүрөт. Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

577