7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

690

Баткен шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары жалпы аянты 1,44 га жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикке өткөрүп алган. Бул тууралуу УКМКДан билдирди.

Көрсөтүлгөн тартип бузууларга карабастан, «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын жооптуу адамдары тарабынан белгиленген жер участокторуна каттоо жүргүзүлүп, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилген.

Мындан улам, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жер тилкелеринин ээлери жалпы сметалык баасы 20 млн 160 миң сомдук 24 жер тилкесин өз ыктыяры менен Баткен шаардык мэриясынын балансына кайтарып берди.

Текшерүү иш-чаралары уланууда.

 

691