7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде облус башчысынын балаты майрамына 110 бала чакырылды

126

Бүгүн президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовдун балдар үчүн балаты майрамы өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Жаңы жылдык иш- чарага облус аймагынан 110 бала чакырылган.

Алар окуунун алдыңкылары, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, камкорчусунан ажыраган, чек ара окуяларында каза болгон жарандардын балдары.

«Билимге умтулуп, чоң максаттарды коюп, ата-энеңерди кубантып өсө бергиле. Жаңы жыл силерге ийгиликтерди жана унутулгус кубанычтарды алып келсин», — деди Шаменов.

Балдарга Баткен облустук драма театрынын артисттери тарабынан жаңы жылдык жомок тартууланып, ар бир балага облус башчысынын белектери тапшырылды.

127