7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде салттуу музыка жана «Достук» фестивалы болуп өттү

783

23-апрелден бери Баткен шаарында өткөрүлүп жаткан «Салттуу музыка жумалыгы» жана «Достук» фестивалынын үчүнчү күнү, улуттук кийимдер парады менен башталып, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен жыйынтыкталды. 

Андан соң фестивалдын Гала-Концерти башталып, ага КРнын Маданият маалымат жана туризм министри Кайрат Иманалиев жана КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев катышып, бир катар маданият кызматкерлерине министрликтин жана облустук өкүлчүлүктүн сыйлыктарын ыйгарышты.

Аталган фестиваль үч күнгө созулуп, маданият жана искусство өкүлдөрү, оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, Манасчылык, дастанчылык жана акындык өнөр, аваздык-аспапчылык, кол өнөрчүлүк багыттары боюнча таланттарын тартуулашууда.

Белгилей кетсек фестивалга кошуна Өзбекстан жана Кытай мамлекетинин да маданият өкүлдөрү да катышууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

784