7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде жалпы аянты 8,5 гектар жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

9

Баткен районунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Болот» дыйкан чарбасынын башчысы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген Баткен шаарындагы жалпы аянты 1,5 гектар жана Баткен районундагы Кыштут айылындагы 5 гектар жер тилкелери, ошондой эле «Кызыл-Бел-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан аянты 2 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Маалымат үчүн:

  • 1994-1995-жылдары, жаңы түзүлгөн «Болот» дыйкан чарбасына Баткен районунун жана Баткен шаарынын аймагынан айыл чарба багытындагы жер тилкелери бөлүнүп берилген. Кийинчерээк жер тилкелери чарбанын жетекчиси тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, жарым-жартылай сатылып кеткен;
  • 1988-жылы «Агропромэнерго» ишканасына, мамлекет тарабынан айыл чарба муктаждыктары үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген. 1996-жылы аталган ишкана «Баткенайылэнерго» ЖЧКсы болуп кайрадан түзүлгөн. 2009-2022-жылдары, карамагында турган мамлекеттин жерлери ишкананын директору тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, андан ары коммерциялык багытка трансформацияланган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери ыктыярдуу негизде жалпы аянты 8,5 гектар жер тилкелерин мамлекеттин балансына өткөрүп беришти.

10