7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде жалпы баасы 2 млн 430 миң сомдук контарбандалык товар кармалды

620

Баткенде жалпы баасы 2 млн 430 миң сомдук контарбандалык товарды алып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарды мыйзамсыз өткөрүү фактыларына бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Баткен районунун ӨМИ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте “Баткен” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Чоң-Талаа айылына жакын КР жараны “М.А.К.” башкаруусунда “SAMRO SR” үлгүсүндө автотранспорт каражаты токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 24 миң 300 кг желим баштыктарда компот аралашмасы табылган. Жүк ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен коңшу мамлекеттен ташылып келген. Товардын жалпы баасы 2 млн 430 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар ведомстволугуна караштуулугу боюнча Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

621