7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери опузалап пара алган фактыны аныкташты

559

 

Баткен облусунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери опузалап пара алган фактыны аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, февраль айында прокуратурага Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Н.Б. арыз менен кайрылган. Анда Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери келишим аркылуу жумушка орноштуруу үчүн андан 25 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене «опузалап пара алуу» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

«ИИМдин кызматкерлери тарабынан атайын иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин кызматкери үчүнчү жолу 6 миң сом акча каражатын алып жаткан учурда кармалган. Мындан аркы жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин жетекчилигинин орун басары Т.А. кармалды. Кармалган кызматкерлер Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

560