7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги Достук айылынын курулушу бүтүп, электр энерниясы берилди

138

Кечээ, 14-октябрь Баткен районунун Чет-Булак аймагына курулган Жаңы Достук айылына электр энергиясы берилди.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Жаңы Достук айылынын курулушу толгу менен бүтүп, кечээ айылга толугу менен электр энергиясы берилип, көчөлөр жарыктандырылган.

Аткарылган иштерди президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов жеринен көрдү.

“Калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында, кубаттуулугу 400 кВА болгон 4 даана жаңы көмөк чордону курулуп, ар бир турак үйгө электр эсептегичтер орнотулду. Айылга Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан «Кара-Булак» 35/10 кВ көмөк чордонунан 10 кВ аба чубалгы тартылды”, — деп жазылат м

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жыйынтыгында Баткен жана Лейлек райондорунун айрым аймактарынын Тажикстан менен алмашуунун натыйжасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн жаңы турак жай комплексинин курулушу башталган.

Жаңы турак жай аймагына Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым участкаларынын тургундары да жайгашат.

Ал эми Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн жалпы 76 турак жай куруу пландалып, учурда курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда жалпы Баткен жана Лейлек району боюнча 257 үй курулууда.

139