7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендиктер Тажикстанга мал сатуу үчүн барышкан

297

16-февралда Баткендин 3 тургуну, Кадамжайдын 2 тургуну Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу, Тажикстандын мал базарына барышкан. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Алардын маалыматында, Баткен тургундары ТРнын Согди облусунун Кистакуз жерлигинен кармалган.

Алар жол таппай, адашып калып, мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн, Тажикстанстандын атайын кызматы тарабынан кармалган.

Обладминистрация Баткендин тургундарына чек ара мыйзамдарын сактоого чакырып, Тажикстандын аймагында кармалган жарандар Тажикстандын мыйзамдары боюнча жоп берерин маалымдайт.

Белгилей кетүүчү нерсе, КРнын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусунун аймагынан, Тажикстан Республикасын аймагына өтүү үчүн 3 негизги мыйзамдуу чек ара өткөрмө бекети бар. Алар Лейлек районунда Кулунду жана Кайрагач, Баткен районунда Кызыл- Бел чек ара өткөрүү бекети.

Башка аймактан өтүү, чек ара мыйзамына ылайык, мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Ошону менен бирге, чек аралаш аймактардагы жарандардын, атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүсү каралган, ал мыйзам бузуу болуп эсептелбейт.

Ал жолдор Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай, ТРнын Исфара-Ворух жолдору эсептелет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

298