7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

#Баткенге_жардам. Бишкек мэриясы 100 тонна азык-түзүк, 1 күндүк маянасын бөлдү

667

30-апрель түнү, Бишкек шаардык мэриясы Баткен облусуна 100 тоннадан ашык гуманитардык жардам жиберди. Андан сырткары 1 күндүк айлык маянасын берүү чечимин кабыл алышкан.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

«Баткен элине суммасы 6 миллион сомду түзгөн 100 тоннадан ашык тамак-аш азыктарын гуманитардык жардам катары жөнөтүп жатабыз. Мындан тышкары мэриянын бардык түзүмдөр бир күндүк маянасын которушту. Бул 2 миллион сомго жакын болот. Каражатты өкмөттүн атайын эсебине которуп беребиз. Азыр баарыбыз баткендик туугандарыбызды колдошубуз керек«, — деп билдирди Бактыбек Кудайбергенов.

Мындан тышкары Бишкек шаарынын 4 районунда гуманитардык жардамды кабыл алуу бөлүмдөрү ачылды. Ал жерге каалоочулар көмөк көрсөтө аларын кошумчалап өттү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

668