7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базар ээлери соодагерлерден 300 АКШ долларын негизсиз чогултуп жүргөн

635

“Дордой”, “Ак-Суу”, “Алкан” жана “Кербен” базарларынын жетекчилери тарабынан соодагерлерден акча каражаттарын негизсиз чогултуу түрүндөгү мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Дордой”, “Ак-Суу”, “Алкан” жана “Кербен” соода комплекстеринин жооптуу адамдары тарабынан кыш мезгилинде жылытуу каражаттарын колдонууга уруксат берүү үчүн 100 доллардан 300 АКШ долларына чейин акча чогултулуп жаткандыгы аныкталды. Ошол эле учурда жогоруда аталган базарлардын администрациясы соодагерлер жылытуучу шаймандарды уруксатсыз пайдаланган учурда аларга айып пул салып, жылыткычтарды жана кондиционерлерди колдонууга тыюу салган. Соода комплекстеринин администрациясынан “уруксат” алгандан кийин гана аларга аппараттарды колдонууга уруксат берилген.

УКМК тарабынан базар жетекчилери менен тиешелүү профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар жылытуучу шаймандарды пайдалангандыгы үчүн ишкерлерден акча чогултууну токтотууну, ошондой эле бардык соодагерлерге эң ыңгайлуу шарттарды түзүүнү убада кылышты.

Мындан тышкары, базардын администрациялары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз чогултууларды кылган айрым кызматкерлерди ээлеген кызматынан четтетүү боюнча чечим кабыл алынды.

 

636