7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базар-Коргон районунун администрациясынын жана архитектурасынын кызматкерлери кармалды

654

Жалал-Абад облусунун Базар — Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын жана райондук архитектурасынын жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-февралда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, акча каражаттарынын бир бөлүгүн берип жаткан учурда Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери К.Т.И. жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын архитектура-курулуш көзөмөлүнүн башкы инспектору Д.А.К. кармалды.

Аталган кызмат адамдары алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкерден коммерциялык объектти курууга уруксаат берүү үчүн 200 000 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалгандар Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

655