7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базарларды текшерүүгө киргизилген мораторий узартылды

533

Базарларды текшерүүгө киргизилген мораторий 2025-жылдын 1-январына чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Буга чейин мораторий 1-июлга чейин киргизилген. Ал чакан жана орто бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана колдоо максатында узартылууда. Бул мораторий базарларда жана кичи базарларда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууга тиешелүү. Көрсөтүлгөн мезгил ичинде Салык кызматы текшерүүлөрдү жүргүзбөйт жана ЭТТКны колдонбогондугу үчүн административдик айыптарды салбайт.

Базарларда чекене соода жүргүзгөн ишкерлер үчүн ЭТТКны колдонуу жөнөкөйлөштүрүлгөн. Алар товарлардын калдыктарын кириштөөдөн жана калкка сатууда эсептен чыгаруудан бошотулат. Жеткирүүчүлөрдөн товарларды сатып алуу үчүн ЭТТК системасына катталуусу гана талап кылынат.

Эскерте кетсек, бир катар базарлардын соодагерлери нааразычылык акция уюштуруп, алар ЭТТКны колдонууга каршы экенин жар салышкан.

534