7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бажы төлөмдөрүнүн жыйымы он бир айда 100 млрд сомдон ашты

566

Өлкөдө мамлекеттик бажы кызматы тарабынан он бир айда  100,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, план 108,2%га аткарылды. Башкача айтканда 7,7 млрд сомго көп чогултулду.

2022-жылдын 11 айына салыштырмалуу түшүүлөр 35,2 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 153,7%ды түздү.

Белгилей кетсек, бажы кызматы үчүн 2023-жылга кирешелер болжолу 94 млрд 635,9 млн сом суммада белгиленген. Бул план ушул жылдын 15-ноябрына карата толук аткарылды.

Бүгүнкү күнгө карата өзгөртүүлөр киргизилип, жылдык план 13 млрд сомго көбөйтүлүп, жыл аягына чейин 107,6 миллиард сом чогултуу планы коюлууда. Бул план жылдын аягына чейин аткарылышы күтүлүүдө.

Бажы төлөмдөрүнүн мындай көрсөткүчү бажы кызматынын тарыхында алгачкы жолу болду.

Мындай натыйжаларга жетүү үчүн бажы кызматы тарабынан бизнес процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарында өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, санариптик чечимдерди жайылтуу, контрабандага каршы күрөшүүнү күчөтүү, ошондой эле коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү.

567