7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейшеналиев: «Жумабековдун шакирттери дүйнөлүк денгээлге чыкса асынып алганга даярмын»

1447

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев БНИЦТОдо диссертациясын жактагандардын жогорку деңгээлине ишенбейт. Бул тууралуу ал Kaktus.kg’ге берген түз эфиринде билдирген.

Маалыматка караганда, БНИЦТОдо диссертациясын жактагандар эч качан дүйнөлүк деңгээлге чыга алышпайт.

«Эгер алар дүйнөлүк деңгээлге чыгып, Кембридж университетине кирсе, силер мага ошону далилдеп берсеңер, анда мен асынып алам. Жөн эле отставкага кетип калбайм. Мен илим жолунда жүргөн кишимин, академиянын мүчөсүмүн, доктормун, профессормун. Мен диссертацияны 30 жыл жазгам, анын кандайча жазылышын билем. Ошондуктан айткандарым үчүн жооп берем», — деп Алымкадыр Бейшеналиев ишендирди.

Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министри алардын илим чөйрөсүндө жол таап кетишине ишенбегенин, ар бирин жакындан таанып, деңгээлин жакшы биле тургандыгын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1448