7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бекназаров: Форумду өткөргөнгө жер жок болуп, мурунку заводдун кампасында өткөргөнбүз

20

Жаштар кыймылдары менен уюмдарын бир аянтка чогулта турган борборубуз болсо деген тилегибиз бар. Мындай пикирин Кыргызстан жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форумунда билдирди.

Анын айтымында форумга өлкөнүн ар бир аймагынан активдүү жаштар келишкен.

“Ар бир облуска, райондорго жана ар бир айылга квоталар бөлүнүп берилген.  Ошондой эле, студенттер, мектеп окуучулар, жаштар уюмдарынан дагы жаштар чакырылган. Алар дагы бүгүнкү иш-чарада өзүлөрүнүн демилгелери, сунуштары жана идеялары менен бөлүшүшөт.

Мисалы, биздин жаштар кыймылдары менен уюмдарын бир аянтка чогулта турган борборубуз болсо деген тилегибиз бар. Себеби, эки жыл мурун форумду өткөрүүчү аянтчабыз жок болуп, мурунку заводдун кампасында (азыркы Билимкана мектебинин имараты) өткөргөнбүз. Учурда 5 миң адам бата турган арена салынып жатат. Андыктан, биздин кыялыбыз дагы ишке ашып калышы мүмкүн. Бүгүн биз бул максатыбызды президенттин алдында айтабыз”,-деди ал.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында өлкөнүн жаштар саясатынын эң ири иш-чарасы болгон “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форуму өтүүдө. Ага борбор калаа жана өлкөнүн аймактарынан келген 5000ден ашуун активисттер, студенттер, волонтёрлор, жаш ишкерлер, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

21