7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Беларустун президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

477

Беларустун президенти Александр Лукашенко бүгүн, 6-декабрда, президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасында жарандардын бакубаттуулугун камсыздоого, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жана анын аброюн бекемдөөгө багытталган маанилүү өзгөрүүлөр ийгиликтүү жүргүзүлүүдө.

Беларуста достук мамиледеги Кыргызстандын жетишкендиктерине чын дилден кубанууда. Биз бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдарда өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө чоң маани беребиз.

Ар дайым ачыктыгы жана эң актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди табууга даярдыгы менен айырмаланып келген биздин ортобуздагы жакшы жеке мамилелерди абдан баалайм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 

478