7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бермет Барыктабасова: «Коргоочубуз пайда болду. Эми эч ким медиктерге кол көтөрө албайт…»

131

Блогерлердин медициналык маалыматтарды бурмалоосу, провокациясы көзөмөлгө алынып, жазаланат. Бул тууралуу Кыргызстандын медициналык профсоюзунун төрагасы Бермет Барыктабасова фейсбук баракчасына жазды.

«Ура! Бизде коргоочубуз пайда болду. Эми эч ким медиктерге кол көтөрө албайт. Медициналык мекемелердеги зомбулук нөлгө түшөт. Медайымдарга жана дарыгерлерге карата кемсинтүү, уруш-талаш, сөгүнүү сөздөр токтойт. Блогерлердин медициналык маалыматтарды бурмалоосу, провокациясы көзөмөлгө алынып, жазаланат. Элдин медициналык кырсыктардан хайп издеп, пайда тапкан жөнөкөй айыптоочулар азаят. Сантехниктер да, депутаттар да дарыгерлерге кантип дарылоону үйрөтө албай калат. Медиктерди жумуш ордунан колуна кишен салып алып кетүү токтоп, анын ордуна миллиондогон, миллиарддаган каражаттарды уурдаган коррупционерлер жоопко тартылат.

Мекемелерге мыкты жетекчилер тандалат, креслосун сактап калуунун айласын кылган казынакорлор, деспот жетекчилер кызматтан кетет. Чыныгы эсеп-кысап менен негизделген базалык муктаждыктар үчүн азыркы 2026-жылга бекитилген 52 млрд сомго кошумча дагы кеминде 50 млрд сом бюджеттен бөлүнөт. Медициналык кызматтардын реалдуу баасы менен өздүк наркы ачыкка чыгат. Саламаттык сактоо министрлиги, ФОМС, ЖОЖдор көйгөйлөрдү жашырбай, эми саламаттык сактоо министрлиги үнү угулган күчтүү бир органга айланат — шыбыраган үн эмес, ачык позиция болот.

Жаңы министр ГКНБ үчүн жаңыдан курулган төрт чоң имараттай эле деңгээлдеги жаңы имарат алат. Болбосо эскисинде деле калса болот — бул эң башкы маселе эмес. Эң негизгиси — медиктерге турак-жай маселеси турат. МИК аркылуу 4% менен, баштапкы төлөмсүз үй алуу мүмкүнчүлүгү. Айлык маяна көтөрүлүп, ГКНБ кызматкерлеринин айлыгынан төмөн болбойт. Эмне үчүн ЦРЗИТтин адиси болгону 7000 сом маяна алат? Бул маселе такталат! Медиктер үчүн балдар бакчалары жана мектептер боюнча преференциялар болот. Жаш дарыгерлерге жана региондорго барган адистерге жеңилдиктер — үй, жер тилкеси, мыйзам чегиндеги айлык маянасы, коммуналдык, батир жана транспорт чыгымдарын төлөп берүү, жаш дарыгерлердин депозиттери ачык-айкын көбөйтүлөт — кимдер алат, канча алат, баары түшүнүктүү болот.

Жана эң негизгиси — дары-дармек, жабдыктар, лабораториялар боюнча ак халатчан коррупцияны, уурдоону токтотуу керек. Ал жакта чоң көлөмдөгү көмүскө агымдар, ачык көрүнгөн коррупциялык тобокелчиликтер бар. Баш аламандык менен тартипсиздик иреттелет. Жеке ЖОЖдор жана жеке клиникалар мыйзам чегинде тартипке келет. Жогору жакка коркпой түз караган министр, медицинага колдоо көрсөткөн, тонобогон жетекчилик болот. Баягыдай эч нерседен, эч кимден коркпогон көз караш. Алга! Пиджагыңарды чечип, жеңди түрүп, мына ошол тик караган көз менен — амбразурага, медициналык алдыңкы сапка, медиктер үчүн, бейтаптар үчүн, элдин саламаттыгы үчүн!»,- деди  Барыктабасова.

132