Бир суткада 1 миң 295 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 761, Ош шаарында – 46, Чүй облусунда – 139, Ош облусунда – 41, Талас облусунда – 19, Нарын облусунда – 32, Ысык-Көл облусунда – 45, Жалал-Абад облусунда – 98, Баткен облусунда – 114 жаңы учур катталып, 758 жаран ооруканадан чыгарылган.
Ал эми сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 8, Ош шаарында бир бейтап каза болду.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 139 миң 648 адам коронавирус илдетине чалдыкты. Алардын ичинен 118 миң 8и айыгып чыкса, 2 миң 102 адам каза болду.