7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бийлигиңе түкүрдүм!». Шакиев Мадумаровдун айткан сөзүнө татыктуу жооп алаарын айтты

1211

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кундузбек Сулайманов депутат Адахан Мадумаровдун «Бийлигиңе түкүрдүм» деп айткан сөзүн сынга алды.

«Урматтуу кесиптештер, эртең менен коллегабыз чыгып бул бийликке түкүрдүм деди. Бул бийликтин ичинде биз дагы барбыз, демек бизге дагы түкүрдүбү. Же өзүнө-өзү түкүрүп калдыбы?! Төрага сиз жетекчи катары тартипке салып койсоңуз. Этияттап сүйлөш керек, эл карап турат бизди»,- деди Сулайманов.

Ал эми, төрага Нурланбек Шакиев ал сөз болгондо жыйында жок экенин айтып, бирок татыктуу жооп алаарын билдирди.

«Тилекке каршы, ал сөз болгондо бул жерде жок элем. Бул жерде болгондо сөзсүз жообумду бермекмин, азыр ал киши жыйында жок. Бирок, татыктуу жообун беребиз»,- деди Шакиев.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Адахан Мадумаров «Бийлик камактагы беш аялдан коркуп жаткан болсо, бул бийлигиңе түкүрдүм»,- деген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1212