7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бийлик тажик тараптан кармалган кыргыз аскерин бошотууну талап кылды

673

Кечээ, 8-июлда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чашмагильдан ашуусуна жакын жерде КР УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тажик чек арачылары тарабынан кармалып, Тажикстандын аймагына алып кирип кетишкенин маалымдайт. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы маалымдайт.

Азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү окуя орун алган жерде териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. КРнын Баткен аймагы боюнча чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптан чыр-чатак учурунда кармалган кыргыз аскер кызматкерин өткөрүп берүү талабын коюуда. Азыркы учурда эки тараптын сүйлөшүүлөрү уланууда.

Эске салсак, 2021-жылдын 8-июлда саат 17.00 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чашмагильдан ашуусуна жакын жерден Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан.

Аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу орун алып, жыйынтыгында КР УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болгон. Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда тажик тараптан да каза болгон жана жаракат алгандар бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

674