Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы мыйзамсыз балык уулоочуларга каршы күрөшүү, браконьерлик фактыларын аныктоо, мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу жана көл акваториясын эски, мыйзамсыз салынган синтетикалык торлордон тазалоо иштерин туруктуу жүргүзүүдө.
2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча 111 кылмыш жана укук бузуулар катталды. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында 14 жаран камакка алынып, экологияга келтирилген зыяндын суммасы 2 211 645 сомду түздү.
Көлдү тазалоо жана калыбына келтирүү иштеринин жыйынтыктары:
• 3 194 даана синтетикалык тор жалпы узундугу 319 400 чарчы метрди түздү.
• 1 339 даана ар түрдүү балыктар куткарылып, кайра табигый чөйрөгө кое берилди.
2025-жылдын башынан бери милиция кызматкерлери, балык чарба уюмдары жана жергиликтүү коомчулук биргеликте көл экосистемасын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө:
Тоң району:
• 300 000 даана форель
• 1,8 млрд даана сиге-лудога
Балыкчы шаары жана Тору-Айгыр айылы:
• 800 000 даана сиге-лудога
Түп району:
• 2 млн даана сиге-лудога
• 100 000 даана форель
Ысык-Көлдөн алынган синтетикалык торлордун статистикасы (2022–2025):
• 2022 — 11 115 даана
• 2023 — 11 510 даана
• 2024 — 609 даана
• 2025 — 3 194 даана (бүгүнкү күнгө чейин)



