Өлкөдө 29-апрелден 5-майга чейин 20 миң 817 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдиришти.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу -247;
 - Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -192;
 - Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-63;
 - Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 318;
 - Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 6 миң 95;
 - Авто ээнбаштык — 14;
 - Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2 миң 989;
 - Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 4;
 - Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 миң 895;
 
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 351 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.



