7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир жумада КРВИ жана сасык тумоонун 44 миңден ашуун учуру катталды

624

Өлкөдө бир жума ичинде курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоонун 44 миң 106 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде сасык тумоонун 142 учуру лабораториялык тастыкталган.

Сасык тумоонун, грипп сыяктуу оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн эрежелерди сактоо зарыл:

— бет кап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо;
— респиратордук гигиенаны сактоо — — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду бет аарчы менен жабуу жана кийин аларды туура жок кылуу;
— өзүн жаман сезген, дене табы көтөрүлгөн жана оорунун башка белгилери бар адамдарды өз убагында обочолоо;
— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, бөлмөлөрдү убагы менен желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);
— балада КРВИ белгилери пайда болсо – балаңызды сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жардам үчүн дарыгерге кайрылыңыз.

Эскерте кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү мекемелерин 2022-жылдын 15-декабрынан 24-декабрына чейин онлайн окутууга өткөрдү.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалпы билим берүүчү жатак-мектептер 16-нан 30-декабрга чейин онлайн окутууга өткөрүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625