7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бириккен күрөш дүйнөсү Айсулуу Тыныбековага 10 миң доллар сыйлык берет

1002

Айсулуу Тыныбековага быйылкы жараткан ийгиликтери үчүн Бириккен күрөш  дүйнөсү (UWW) 10 миң доллар сыйлык берет. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, эл аралык спорттук уюм жылдын жыйынтыгын чыгарып, дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы үчтүккө кирген спортчуларга жыл сайын акчалай сыйлык берип келет.

Балбан кыз Тыныбекова өз салмагындагы (62 кг) спортчулардын арасына эң көп делген 136 упай топтогон. Муну ал төрт ири мелдешке катышып алган.

  • Азия чемпиону болуп, рейтингин 18 упай менен баштаган.
  • Польшанын ачык чемпионатында алтын медаль утуп, 16 упай кошулган.
  • Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынганда дагы 44 упай топтогон.
  • Ослодо дүйнө чемпиону болгондо 58 упай кошулган.

Белгилей кетсек, эркин жана грек-рим күрөшүндөгүдөй эле кыз-келиндер күрөшүнүн мыктылары 10 миң доллар, экинчи орунду алган балбандар 7 миң доллар, үчүнчү орунду алган балбандар 3 миң доллар менен сыйланат

 


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1003