Эми Бишкек — Каракол аба каттамы жумасына төрт жолу аткарылат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынан билдирди.
Каттамдар шейшемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы.
Авиа билеттерди asmanairlines.kg тиркемесинде жеткиликтүү.
Эске салсак, 2024-жылдын 11-декабрында Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт салтанаттуу түрдө ачылган. «Каракол» эл аралык аэропорту бир саатта 250 жүргүнчүнү тейлей алат.