7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек менен Ошто 5 миң 500 жакыр үй-бүлөгө бекер ун таратылат

1525

Орусия Бишкек шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 474 тонна ун берет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Маалым болгондой, бул жардам БУУнун Азык-түлүк уюмуна Орусиянын өз ыктыяры менен жүргүзө турган төлөмүнүн негизинде Кыргызстанга жиберилүүдө. Бишкек шаарында 474 тонна унду кабыл алуу иш-чарасы 5-апрелде өтөт. Андан соң ал 1800 аз камсыз болгон үй-бүлөгө даректүү түрдө акысыз таркатылат.

Ушундай эле иш-чара 2-апрелде Ош шаарында болот. Анда Орусиядан 610 тонна ун келип, ал дагы 3700 жакыр үй-бүлөгө бөлүнүп берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1526