7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэри көчмө жыйын өткөрүп, тапшырмаларды берди

611

Ишемби күнү борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө мэр орун басарларына жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине бир катар протоколдук тапшырмаларды берди.

Ишембидеги кыдыруу учурунда ал коомдук мончонун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Борбордук көчөлөрдөгү имараттардын фасадына өзгөчө көңүл бурду. Шаар башчысы ошондой эле имараттарды кеңейтүү көйгөйлөрүн жана жолдорго жанаша бак-дарактарды отургузуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле борбор калаанын мэри Абдрахманов көчөсүндөгү Москва көчөсү менен кесилишкен жердеги көрксүз имаратка көңүл буруп, Сейсмология институтуна аталган объекттин сейсмикалык туруктуулугун экспертизадан өткөрүүнү тапшырды.

Айни көчөсүндөгү сейил бакта 10 жылдан ашуун кароосуз калган тосулган аянты турат. Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров бул аймактын мыйзамдуулугун тактап, ээсин табууга чакырды.

Мэр шаардын эстетикалык көрүнүшүн бузган ар кандай тосмолор демонтаждоо иштерин улантууну тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

612