7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясы: Авто токтотуучу жайдан мыйзамсыз акча чогулткандар боюнча кабар берүүгө үндөйт

608

Борбор калаанын мэриясы шаардыктардан муниципалдык унаа токтотуучу жай үчүн төлөмдөрдү мыйзамсыз чогултуу фактыларын калтырууну суранат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, унаа токтотуу 15 мүнөткө чейин акысыз. Муниципалдык операторлор «Бишкек шаарынын унаа токтотуучу жайлары» деген муниципалдык ишкананын, Бишкек шаарынын мэриясынын эмблемасы түшүрүлгөн атайын жашыл жилеттерди кийишет жана төш белгилери бар, ошондой эле алар төлөгөндүгүн тастыктаган штампы бар талон беришет.

Ар дайым ишкананын адистери тарабынан муниципалдык унаа токтотуучу жайды пайдалангандыгы үчүн мыйзамсыз акы алган белгисиз адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп келет.

Эскерте кетсек, дем алыш жана майрам күндөрү ишкананын операторлору иштебейт жана ошого жараша унаа токтотуучу жайды пайдалангандыгы үчүн акы алышпайт.

«Урматтуу шаар тургундары, эгер сиз атайын жилети жок адамдар сизден акча талап кылып, талон бербей жаткандыгына күбө болсоңуз, анда Чүй проспектиси 315 дарегине (8-кабат) видео жана фото фактылар менен «Бишкек унаа токтотуучу жайлары» муниципалдык ишканасына кайрылууңуздарды жана кайрылууларды parkovki@meria.kg. электрондук дарегине жөнөтүүңүздөрдү суранабыз»,-деп айтылат мэриянын маалыматында.

Белгилей кетсек, муниципалдык унаа токтотуучу жайлар дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары, эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин иштейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

609