7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясы Баткен окуясында жабыркагандарга 1 миллион сомдук жардам берди

638

Бишкек шаарынын мэриясы Баткендеги жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү.

Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев баштаган өкүлдөр Баткен облусунун чек ара аймактарында болуп, Баткен чек ара аймактарында болуп өткөн окуялардан жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жакындан жардам көрсөтүп, 1 миллион сомдук жылуу кийимдер жана балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырышты.

Мындан тышкары вице-мэр Бишкек мэриясынын атынан жардам ирээтинде берилген 500 миң сомдук сертификатты президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевге тапшырды. Өз кезегинде облус жетекчиси Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Баткен элине кылып жаткан камкордугун жогору баалап, элдин абалына түшүнүү менен мамиле кылып жатканына терең ыраазычылыгын билдирди.

Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев мобилдик үйлөрдүн 13 даанасы берилген Достук айылында жашаган тургундардын абалы менен таанышып, балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэринин жеке демилгеси жана шаарыбыздын ишкерлеринин колдоосу менен 50 даана жылуу мобилдик үйлөр жасалып, Баткен районунун тургундарына берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

639