7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясы: шайлоо күнү коомдук транспорт күчөтүлгөн тартипте иштейт

577
Бишкекте коомдук транспорт шайлоо күнү, 11-июлда, күчөтүлгөн режимде таңкы 6:00дөн түнкү 23:00гө чейин иштейт.
Эскерте кетсек, 11-июлда шаарда Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоо болот.
Борбор калаада 228 шайлоо тилкеси иштейт.
  • Ленин районунда — 62 ,
  • Октябрь районунда — 59,
  • Биринчи май районунда — 49,
  • Свердло районунда — 58.
Мэрия коомдук транспортто коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөш күчөтүлгөн тартипте улантылып жатканын эскертет.
Бишкек троллейбус башкармалыгынын атайын мобилдик тобу күн сайын троллейбустун салондорунда санитардык эрежелердин сакталышын текшерүүдө. айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери адам көп болгон аялдамаларда өткөрүлүп, орто эсеп менен күнүнө 120га жакын троллейбус текшерилүүдө. Мындан тышкары, күн сайын эртең менен каттамга чыгаар алдында медициналык кызматкердин көзөмөлүндө транспорт хлорамин эритмеси менен атайын тазаланат»-деп жазылган.
Эске салсак, коомдук транспортто арзандатылган беткап сатылуу жолго коюлган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

578