Бишкек шаарынын мэриясында эс алуу парктары жана соода оюн-зоок борборлорунда аттракциондордун иштөөсүнө байланышкан маселелер боюнча жыйын өттү.
Анда аттракциондордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн баа саясаты, коопсуздук талаптарынын сакталышы, жабдуулардын техникалык абалы жана көңүл ачуучу жайлардын ишине көзөмөлдү күчөтүү маселелери каралды.
Ошондой эле жай мезгилине даярдыкка, анын ичинде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана эс алуу, көңүл ачуу аймактарынын абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйында тиешелүү кызматтарга аттракциондордун ээлери менен бааларды негизсиз көтөрүүгө жол бербөө боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, башаламан сооданы токтотуу үчүн чараларды көрүү, ошондой эле коомдук тамактануучу жайларды текшерүү тапшырылды.
Бишкек шаардык милициясына авариялык кырдаалдарды алдын алуу максатында паровоздорду пайдаланууну жөнгө салуу, ошондой эле батуттарды мыйзамсыз иштетүүнү болтурбоо боюнча иштерди жүргүзүү керектиги айтылды.
Мындан тышкары, майыптыгы бар балдар үчүн балдар аянтчаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин, анын ичинде жеңилдетилген шарттарды же атайын баруу күндөрүн киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу милдети коюлду.




