7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда бир тараптуу жол ачылды

911

18 март түнкү саат 24:00 карата Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда тынымсыз тазалоо иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында Кочкор тарабынан түшкөн кар көчкүнүн болжолдуу 48 000 м3 кар көчкүсү тазаланып, бир тараптуу унаа жолу ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда унаа жолду кеңейтүү иштери аткарылууда. Ал эми Нарын тарабына түшкөн көчкүнүн болжолдуу 32 300 м3 көлөмү тазаланып, жалпы жонунан болжол менен 80 300 м3 кар тазаланды.

Кар көчкүнү тазалоо иштерине 12 погрузчик, 1 кар түртүүчү унаасы, 3 эксковатор тартылып, кошумча облустук суу чарба башкармалыгынан 1 бульдозер жеткирилген.

Белгилей кетсек, Кочкор районунун Сары-булак айылында жана Нарын районунун Оттук айылында жылытуу пунктары уюштурулуп, турак жайларга жаткырылган жарандарга, иштеп жаткан кызматкерлерге, унаа каттамындагы топтолгон жүргүнчүлөргө жалпысы 217 жаранга айыл аймагындагы жергиликтүү администрация жана Кызыл жарым ай коому тарабынан ысык тамак уюштурулуп берилүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

912