7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда жайгашкан төрт кафе жабылды

520

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда жайгашкан төрт коомдук тамактануучу жай жабылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматына Бишкек — Нарын — Торугарт эл аралык жолунун 69+215 чакырымында жайгашкан “Холодок”, “Fast food”, “Кофе с собой”, “Обжарка” объектилеринин тиешелүү укук аныктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин тактап, аныктоо боюнча жарандардан арыз келип түшкөн.

Аталган объектилерди текшерүүдө тиешелүү укук аныктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документтери жок экендиги аныкталып, материалдар тиешелүү органдарга өткөрүп берилген.

Жыйынтыгында, “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге жол боюндагы тейлөө обьекттерин мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамына ылайык, аталган 4 объект толугу менен алынып, жер аянты калыбына келтирилди.

 

 

521