7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда кар көчкү түшүп, убактылуу чектөө киргизилди

548

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 302-чакырымынан 303-чакырымында кар көчкү түшүп, унаа жолду басып калган.

Учурда жол каттамы жабылган. Жерине жалпы 7 техника тартылып, бүгүн, саат 00:45те унаа жолу бир тараптуу ачылган, учурда кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан убактылуу чектөө киргизилген.

Ал эми, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 302-чакырымынан 303-чакырымына чейин 5 тилкеде кар көчкү түшүп, анын 4500м3 унаа жолун басып калган.

Учурда жол каттамы жабылган. Жерине жалпы 7 техника тартылып, унаа жолу бир тараптуу ачылган, учурда кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

549