7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек — Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды

490

Жалал-Абадда Бишкек — Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жеңил унаалар үчүн каттам ачылганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн эртең мененки саат 05:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) жалпы көлөмү 12 000 м3 кар көчкү түшкөн.

Тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жерине №23 ЖТИден 2 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 МАЗ, ӨКМнин Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлмүнүн ыкчам тобу тартылып, саат 07:15те жол толук тазаланып ачылды.

Эскерте кетсек, «Арал» постунда саат 07:20да жеңил унааларга болгон каттам ачылды, оор жүк ташуучу унааларга болгон чектөө алына элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

491