7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек – Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

384

Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка постунда саат 06:20дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап, бороон болууда. Аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери тынымсыз уланууда.

Өтмөк ашуусунда дагы ушундай эле кырдаал болууда, анда №36 ЖТИнин кызматкерлери тарабынан жол тазаланып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет кызматы 22-23-январь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.

Мындан улам Транспорт министрлиги жаралган бардык кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турганын белгилеп, кандай жагдай жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

385