7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек — Ош унаа жолундагы кар көчкү тазаланып, жолдор ачылды

455

Бишкек — Ош унаа жолундагы кар көчкү тазаланып, жолдор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул районунда 2021-жылдын 24-февраль күнү саат 06:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 360м3 кар көчкү унаа жолго түшүп, жол жабылган. Кар көчкүдөн жабыркагандар катталган эмес.

«Тазалоо иштерине №23 жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, 1 грейдер, КР ӨКМнин Токтогул райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, унаа жолдун 238-чакырымында (Итагар станциясы) нөөмөттө турган ӨКМдин 3 куткаруучусу тартылган. Тартылган техникалардын жардамында саат 08:00дө унаа жол толугу менен тазаланып ачылды», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

456