7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаардык кеңешке ат салышкан 17 талапкер тизмеден чыгарылды

722

Бишкек шаардык кеңешке ат салышкан 17 талапкер тизмеден чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык кеңешке 18 партиядан жалпы 1 миң 258 талапкер тизмеге катталган.

“Бүгүнкү күндө 1 миң 238 талапкер катталган. 17 жаран тизмеден чыгуу боюнча өз арыздарын жазган. Кечээ тилкеден тышкары 2 миң 277 шайлоочу добуш берди”, — дейт ал. Ошондой эле ал Бишкекте 426 миң 699 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ экендигин айтат.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаар кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

723